Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Пакистан Уламалар кеңешинин башчысы христиандардын өлтүрүлүшүн айыптады


Пакистандын Уламалар кеңешинин төрагасы христиан түгөйлөрдүн өлтүрүлүшүн айыптап, күнөөлүүлөр тезирээк жазаланууга тийиш деди.

Кечээ Лахорго барган Тахир Ашрафи Куранга акаарат келтиришти деп күйөөсү менен аялды өлтүрүү “исламдын да, Пакистандын да” кадыр-баркына көлөкө түшүрөрүн белгиледи.

Бул мыкаачылык, кайгылуу окуя үчүн айыптууларды антитеррордук сотто соттош керек деген диниятчы, өлкөнүн юстиция тармагынын жетекчилерин маселени бир айдын ичинде чечүүгө үндөдү. 4-ноябрда полиция адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелген 40 чакты кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG