Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

ӨКМ: кар көчкү күтүлөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-10-ноябрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөөрүн эскертти.

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Министрлик 7-10-ноябрда күтүлүп жаткан катаал аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, байланыш түйүндөрү, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши да кыйындаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG