Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Өкмөт ооган кыргыздарына гуманитардык жардам жеткирет


Кыргыз өкмөтү ноябрь айынын орто ченинде Ооганстандагы кыргыздарга атайын делегация жиберүүгө кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Алар ооган кыргыздарына көбүнесе азык-түлүк жана дары-дармек жеткиришет. Делегацияны Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жетектеп барышы мүмкүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин эки депутаты, Мирлан Бакиров жана Каныбек Иманалиев да делегация курамында бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖК депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

- Учурда Ооганстанга барчулар медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат,- деди Бакиров.

Буга чейин Ооганстандагы Памир кыргыздарынын өкүлү Турду Акун Атабек президент Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте жолугушканда Памирдеги катаал аба ырайы, жашоо-шарттын начардыгы жана медициналык жардамдын жоктугу ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болгоунун айтып, ооган кыргыздарына тамак-аш, кийим-кечеден жардам берүүнү өтүнгөн. Айрым депутаттар Ооганстандагы эки миңге жетпеген кыргыздарды Чоң-Алай районуна көчүрүп келүү демилгесин да көтөрүп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG