Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Украина чыгышында дагы үч аскер мерт кетти


Украинанын чыгышында жикчилдер менен болгон атышууда акыркы бир сутка ичинде үч аскер окко учуп, дагы 15и жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ишемби күнү Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагында 80ге жакын аскердик техникалар көзгө урунган.

Associated Press агенттигинин кабарчылары Донецк жана Снежное аймагында аскердик курал-жарак ташыган үч автоколоннаны сүрөткө тартып алышкан. Маалыматка ылайык, колонна ичинде аскерлер болушу мүмкүн.

Мындан мурдарак Украинанын аскер жетекчилиги жикчилдерди курал-жарак менен камсыз кылып жатат деп Орусияны айыпташкан. Орусия болсо бул маалыматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG