8-10-ноябрда күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137,198-265-чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала–Бука-Каныш-Кыя (60-100-чакырымдары) жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
9-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган аймактардын айрым жерлеринде жаан жаап, карга айланат. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз 0...-5, түнкүсүн -1...4
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...2, ал эми күндүз 1...6
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...5
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз 1...4
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз -3...2
10-ноябрда Бишкек шаарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° жылуу болот.