Бүгүн Германияда Берлин дубалынын уратылышынын 25 жылдыгы белгиленүүдө. Өлкө борборунда бул күнгө байланыштуу өткөрүлүп жаткан иш-чараларга бир миллионго жакын адам катышаары күтүлүүдө. Майрам кечинде концерт жана салтанаттуу фейерверктер менен жыйынтыкталат.
1989-жылдын 9-ноябрынын түнүндө демократияны жактаган бир нече апталык демонстрациялардан кийин “кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулатылган. Бул өз кезегинде экиге бөлүнүп калган Германиянын биригишине алып келген.
8-ноябрда СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев Берлинде мааракеге байланыштуу өтүп жаткан иш-чаралардын биринде сүйлөп жатып, учурдагы Украина кризисинен улам пайда болгон Батыш-Орусия чыңалуусу дубалдын кулатылышына чейинки доорду элестетип жатканын билдирди. “Дүйнө жаңы кансыз согуштун алдында тургандай” деп белгиледи 83 жаштагы Горбачев.