Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Укук коргоочу электр баасын өз алдынча бычып жаткан өкмөттү сынга алды


Өкмөт электр энергиясы боюнча жаңы тариф саясатын эл менен кеңешпей жатат деп билдирди укук коргоочу Нурбек Токтакунов.

Токтакунов тариф саясаты тууралуу элде маалымат жок жана бийлик кээ бир аксакалдарды чогултуп алып, талкуу өткөрүп жатат деп эсептейт. Укук коргоочу Казакстандан импорттолчу электр энергиясына болгон баа да элдин пикирин эске албай аныкталып жатканына да нааразы.

Токтакунов электр баасын 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөргөн өкмөт токтомун сотко берип, жокко чыгарткан. Учурда Энергетика министрлиги айына 700 кВт/сааттан ашык электр колдонгондорго 1 сом 20 тыйындык бааны сунуштап жатат. Ал эми Казакстандан импорттолочу электр жарыгы 5 сомдон жогору болору президенттин Астанага болгон сапарында белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG