Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Сириядагы аба соккулардан жыйырмадан ашык адам набыт болду


Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Баб шаарына урулган өкмөттүк күчтөрдүн аба соккуларынан жыйырмадан ашык адам көз жумду. Жүздөй адам жарадар болду. Бул тууралуу Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча мониторинг тобу билдирди.

Шаар бир топ убакыттан бери “Ислам мамлекети” радикал тобунун карамагында болуп келет. Буга чейин Сирия өкмөтү өз согуштук операцияларын негизинен борбор Дамасктын айланасында жүргүзүп келген.

Ал эми АКШ баш болгон коалициялык күчтөр бир нече аптадан бери Сирия бийлигинин уруксатысыз эле өлкө түндүгүндөгү “Ислам мамлекети” ээлеп алган Кобани шаарында уюмдун турумдарына абадан сокку урууну улантууда.

XS
SM
MD
LG