Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Каталониялыктардын көпчүлүгү көз карандысыздыкты жактайт


Алдын ала маалыматтар боюнча жекшембиде болгон добуш берүүгө катышкандардын 80% Испаниядан өз алдынча, эркин болууну каалашат. Каталониянын лидери Артур Мас кечээки референдум учурунда добуш берип жатып, “биз өзүбүздүн эркиндигибиз жана келечегибиз үчүн укугубузду коргоо менен чоң иш жасап жатабыз” деп айтты.

9-ноябрда Испаниянын Каталония аймагында расмий Мадриддин каршылыгына карабай чөлкөмдүн төбөлсүздүгү боюнча референдум өттү. Референдумдун жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ болбогону менен көз карандысыздыкты көпчүлүк колдосо, мындай жагдай Мадриддеги борбордук бийлик менен сүйлөшүүлөргө барууга жана аймактын келечекте Испаниядан ажыроосуна түрткү берет дешет аны жактагандар.

Каталония Испаниянын түндүк батышында жайгашкан, экономикалык жактан өнүккөн аймак. Саны жети жарым миллионго жеткен каталониялыктардын маданияты жана тили Испаниянын башка бөлүктөрүндөгү калктардан кыйла айырмаланып турат.

XS
SM
MD
LG