Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Казакстандан 1,4 млрд. кВт саат электр энергиясы алынат


Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга сапарынан кийин белгилүү болду. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун журналисттерге билдиргени боюнча, Казакстан жаңы жылга чейин 400 млн. кВт саат, кийинки жылы 1 млрд. кВт саат электр энергиясын бермек болду. Кыргызстан бул үчүн Казакстанга сугат маалында суу берүү келишимдерин аткаруу милдетин алды.

Сапар Исаковдун маалыматы боюнча бүгүн, 10-ноябрда, Тараз шаарында эки өлкөнүн энергетика министрлери Казакстандан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдин долбоорун түзүшөт.

Өткөн жумада КР Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев Казакстан электр энергиясынын 1 Квт саатын 5 сом 13 тыйындан берүүгө макул болгонун билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG