Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

Чек арада кара тумоону алдын алуу чаралары күчөтүлөт


Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек арасында кара тумоону алдын алуу үчүн 1 миллион каражат бөлүндү. Бул акча мамлекеттик бюджеттин эсебинен берилгенин бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Самир Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары Тажикстанда жана Кытайда кара тумоо катталган учурлар болду. Ошондуктан Баткенде, Жалал-Абадда жана Нарында бул жугуштуу илдетти алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө каражат бөлүндү.

Былтыр Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектешкен Ак-Суу районунда кара тумоодон бир өспүрүм мерт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG