Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Депутат Осмоналиев: Мага карата кылмыш иш козгоого негиз жок


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев өзүнө карата кылмыш иш козгоого эч кандай негиз жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Мага фигурант катары кылмыш иши козголо элек. Коррупцияга каршы кызмат мени негизсиз эле айыптап жатат. Анткени мен депутат катары Кыргыз-Орус Славян университетинин жетекчилигине 27 абитуриентке көңүл буруп коюу боюнча гана кат жолдогом. Аталган катты тиркеп билим берүү министри Канат Садыков буйрук чыгарган, - деди Осмоналиев.

Буга чейин УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча иш козгоп, Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Ишти иликтөө учурунда абитуриенттер Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы аныкталган. Башкы көзөмөл органы бул факт боюнча тергөөнү бүтө элек. (UEz)

XS
SM
MD
LG