Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Cаясий талкууга айланган жоолук


Мектептерде жоолук салынууга уруксат берилишин талап кылып Билим берүү министрлигинде өткөн акция. 19-сентябрь, 2011-жыл
Мектептерде жоолук салынууга уруксат берилишин талап кылып Билим берүү министрлигинде өткөн акция. 19-сентябрь, 2011-жыл

Жоолук же хижаб маселеси күнүмдүк жана коомдук жашоодо, алтүгүл саясий чөйрөдө тез-тез талкуулана баштады.

2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова кыздардын мектепке жоолук салынышына тыйуу салуу маселесин парламентте көтөрдү. Анын эртеси, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Төрөбай Зулпукаров, тескерисинче жоолукка тыйуу салган мектеп директорлорун жоопко тартууну сунуштады. Ал эми 3-ноябрдагы Коргоо кеңешинин жыйынында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев хижабды элге таңуулобоо керек экендигин айтып өттү. А. Атамбаевдин бул сөзү аялдардын жоолук салынып жүрүүсүн жактаган жарандарды ойго салып койду.

Негизи эле жоолук маселеси боюнча көптөн бери талаш-тартыш болуп келүүдө. Мектептерде жоолукка уруксат бериш керекпи деген сыяктуу маселелер бул жылы бирдиктүү мектеп формасынын айланасындагы маселелер менен коштолууда. Маселе ушул бойдон калса, жалгыз эле мектептерде эмес, бардык коомдук жайларда да жоолуктун көйгөйгө айлануу ыктымалы жогору.

Исламда жоолук салынуу жол-жобосу кандай?

Ош облусунун Араван районундагы окуучу кыздар. 13-сентябр, 2012-жыл
Ош облусунун Араван районундагы окуучу кыздар. 13-сентябр, 2012-жыл

Курандын “Нур” сүрөсүнүн 30,31-аяттарында Алла Таала Мухаммед пайгамбарга мындай деп кайрылат: “Момун (мусулман) эркектерге айт, алар көздөрүн абайлашсын (жумушсун) жана уят жерлерин (жыныстык мүчөлөрүн) сакташсын. Бул нерсе алар үчүн тазараак. Чындыгында Алла алар жасаган нерселерди билүүчү. Момун (мусулман) аялдарга да айт, алар көздөрүн абайлашсын (жумушсун), уят жерлерин (жыныстык мүчөлөрүн) сакташсын, көрүнөө жерлердегиден башка сулуулуктарын көрсөтүшпөсүн, көкүрөктөрүн кийими менен жабышсын, сулуулугун эч кимге көрсөтүшпөсүн...”.

Бул аяттардан уят жерлерди бекитүү жалгыз эле аялдарга эмес, эркектерге да буйрук кылынганын, уят деген нерсени эркектер да сакташы керек экенин билүүгө болот. Бекитиле турган, жабыла турган жерлер “сулуулук”, “байлык” катары каралганы да аялдарга карата исламдын кандай көз карашта экенин көрсөтүп турат.

Курандын “Ахзаб” сүрөсүнүн 59-аятында “Эй Пайгамбар! Өзүңүн аялдарыңа, кыздарыңа, мусулман аялдарга айт, (качан алар сыртка чыгаарда) сырткы кийимдерин кийишсин, жамынышсын...” деп айтылууда.

Эркек менен аял кайсыл жерлерин жаап жүрүшү керек деген суроого ислам аалымдары Курандын жогорудагыдай аяттарына жана Мухамбет пайгамбардын хадистерине таянып, эркектердин тизеден киндикке чейинки денесин уят жерлер деп белгилешкен. Ал эми аялдардын колу жана бутунун томуктардан ылдый жагы менен бетинен башка жерлерин уяттуу жер деп тыянак чыгарышкан. Балагатка (бойго) жеткен аялдар чоочун (нике кыйууга мүмкүн болгон) кишилерден уят жерлерин бекитип (жаап) жүрүшү абзел. Кээде бетин, колун да көрсөтпөй жамынып жүргөндөрдү да көрүүгө болот. Бул жамынып жүрүүнү каалагандардын өзүнүн эрки.

Айрым жоолукчан кыз-келиндерге карата кыргызга жат кийимерди, маданиятты алып келүүдө деген сындар көп.
Айрым жоолукчан кыз-келиндерге карата кыргызга жат кийимерди, маданиятты алып келүүдө деген сындар көп.

Исламдын буйругун аткарам деген кыргыз аялдарынын кээ бирлери араптар же түрктөр кийген кийим жана баш кийимдерди кийип жатышат. Ал эми кээ бирлери мурда аркасынан байлап жүргөн жоолуктарын эле алдыдан байлай башташты, же болбосо элечекти сунуштагандар да болууда. Чындыгында негизги максат ислам дининде буйрук кылынган жерлерди жабуу экенин эске алуу менен бул нерселерди табигый көрүнүш катары кабыл алышыбыз керек. Кыргыздарда “шөкүлө”, “топу”, “жоолук”, “элечек” сыяктуу аялдардын баш кийимдери болгондой эле, араптарда да “химар”, “никаб”, “микна”, “хижаб”, “бурка” ж.б. деп аталган баш кийимдер жана көйнөктөр болгон. Булардын көпчүлүгү ислам дини келгенге чейин эле кийилип келинген. Жогорудагы “Нур” жана “Азхаб” сүрөлөрүндөгү аяттарда “химар” (чоң жоолук) жана “жилбаб” (башты кошо жапкан көйнөк) делген кийимдер жөнүндө айтылат. Бирок Куранда бул кийимдерди кийүү эмес, жогоруда айтылган уяттуу жерлерди жабуу буйрук кылынган. Андыктан эмнени кийүү жана кандайча кийүү аялдардын тандоосуна берилген иш. Кыргыз аялы өзү салынган жоолук менен да исламда жабылышы керек болгон жерлерин (мойнун, кулактарын, чачын) жапса болот.

Исламда аялдардын тар, ичи көрүнүп турган (жука) жана эркектердин көңүлүн бурган кийимдерди кийүүсү туура эмес деп эсептелинет. Пайгамбардын “кийинген (бирок) жылаңач” аялдар тууралуу айткан хадисин (Муслим, “Жаннат” 52-хадис) унутпоо керек. Аялдар өзүлөрүнүн уятын жана коопсуздугун сактагыдай кылып кийиниши абзел.

Кээде “аялдар эркектер кача тургандай болуп кара кийиниш керек” деген пикирлер да айтылууда. Пайгамбар убагында жашаган аялдардын жалгыз эле кара эмес, ак, сары, жашыл сыяктуу ар түстөгү кийимдерди кийгендиги да белгилүү. Адамдарды качыра тургандай жарашыксыз кийинүүгө чакырган аят жана хадисти учуратуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө бул дүйнө жалгыз эле аялдарды сынаган дүйнө эмес да. Эркектер да аялдарга карата өзүлөрүн тыйуусу зарыл. Аялдарды гана күнөөгө себепкер катары кароо исламда туура эмес деп эсептелинет.

Мусулман мамлекеттердеги жоолук маселеси

19-кылымга чейин мусулман аялдардын коомдук жайларда жоолук салынып жүрүүсү талаш маселе болгон эмес. Себеби аялдарга жоолук салынуу парз экендиги ислам ааламы тарабынан кабыл алынып келген. Бирок 19-кылымдан тарта өнүккөн Европанын таасиринин натыйжасында мусулман аялдардын баш кийими социалдык, саясий, идеологиялык символ, өнүкпөгөндүктүн, орто кылымдын үлгүсү катары карала баштаганын көрүүгө болот. Башкача айтканда өнүгүүнү каалаган мусулман мамлекеттеринде Европаны, анын ичинде светтик мамлекет түшүнүгүн үлгү катары алгандар динди, диний символдорду, анын ичинде жоолук маселесин артта калгандыктын белгиси катары карап келишет. Египет (элинин 94,6 % мусулман), Тунис (99,5% мусулман), Түркия (96,8 % мусулман) сыяктуу Батыш өлкөлөрүн үлгү катары алгысы келген мамлекеттерде коомдук жайларда жоолук салынып жүрүү талаш маселеге айланган. Өзгөчө Түркияда “жоолуксуз” светтик мамлекетти каалагандар менен дин тутуу эркиндигинин ишке ашуусун талап кылгандар карама-каршы позицияларды карманып келишет.

Бирок кээ бир мусулман мамлекеттерде жоолук салынып жүрүү шарт экенин да айта кетүүбүз абзел. Иран (99,4 %мусулман), Кувейт (95% мусулман), Сауд Арабия (97% мусулман) сыяктуу ислам шариатына ылайык, коомдук тартипти каалаган мамлекеттерде аялдардын жоолугу жок жүрүүсүнө уруксат берилбейт. Иранда керек болсо чет элден келген конок жана дипломаттарга да жоолук салынуу шарты коюлган.

Жоолукчак мусулман кыз. Лондон. 8-март, 2014-жыл
Жоолукчак мусулман кыз. Лондон. 8-март, 2014-жыл

Жоолук маселеси мусулман эмес Батыш мамлекеттерде да күн өткөн сайын актуалдуу болууда. Германия (4% мусулман), Дания (2% мусулман), Голландия (5,7% мусулман) сыяктуу мамлекеттерде мамлекеттик кызматты аркалаган аялдардын жоолук салынып- салынбашы талкууланып келет. Ал эми Францияда (6% мусулман) жоолукка тыйуу 2004-жылы алгач мектептерде киргизилип, 2011-жылы коомдук жайларда бетти жаап жүрүүгө тыйуу салынган. Ал эми мындан үч ай мурда Европанын Адам укуктары боюнча соту Франциянын бул чечимин негиздүү деп тапты.

Кыргызстандагы жоолук көйгөйү

Кыргызстанда да (86,3% мусулман) жоолук маселеси күн өткөн сайын актуалдуу болууда. 2000-жылдары башталган талаш-тартыштар мектепке жаш кыздардын жоолук салынып барышы, кийинчерээк паспортко жоолукчан түшүү маселесинин айланасында болду. Саясатчылардан баштап катардагы жарандарга чейин бул талкууга катышты. Саясатчылардан Феликс Кулов 2001-жылы Куранда жоолук салынуу буйругу жок экендигин айткандан (Сергей Рыспеков, “Феликс Кулов: Кыргызстан должен предявить иск Усаме бин Ладену”, Res Publica, 30-октябрь 2001) бери көп нерсе өзгөрдү. Эң негизгиси Билим берүү министрлигинин позициясы көп жолу өзгөрүүгө дуушар болду.

Кыргызстандагы исламдашуу жараяны (мечит-медреселердин, исламдык фонддордун санынын өсүшү, мамлекеттик мекемелерде сыйынуу жайларынын ачылышы, саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин ажылыкка, умрага барышы) табигый түрдө каршы тараптарды да пайда кылды. Исламдашуудан чочулаган, исламды радикалдаштыруучу нерсе катары караган көз караштын калыптанып бара жатканын да танууга болбойт. Бул көз караш жоолук сыяктуу динчилдиктин символуна каршы чыгуу менен исламдашууга болгон каршылыгын билдирүүдө.

Хижабчан кыз-келиндердин аялдар арасындагы оорууларды алдын алууга жана дени сак жашоого үндөгөн акциясы. 5-ноябрь, 2013-жыл
Хижабчан кыз-келиндердин аялдар арасындагы оорууларды алдын алууга жана дени сак жашоого үндөгөн акциясы. 5-ноябрь, 2013-жыл

Исламдашууну (жоолук салынууну) арапташуу катары карагандар да аз эмес. Чындыгында Кыргызстанда мусулмандар кээде исламдык деген ой менен башка элдердеги улуттук же болбосо ошол аймакка тиешелүү кийим-кечени (кээде баалуулуктарды) кабыл алышууда. Бирок демократиялуу (светтик) мамлекетте ар бир жаран өзү каалаган динге ишенүүгө эле эмес, өзү каалагандай баалуулуктарга ээ болуу жана аларды чечмелөө укугуна ээ. Башкача айтканда кандайдыр бир жаран өзүн кандай тааныштырса (кандай кийинсе, кандай пикирге ээ болсо) мамлекет да, жарандар да ал жаранды ошондой деп таанууга, кабыл алууга милдеттүү. Бирөөгө кандай кийинүүнү, кандай ойлонууну таңуулоо ишин кыргыз эли артта калтырышы керек.

Элибиздин көпчүлүгү ислам дини аялдардын жоолук салынып жүрүүсүнө буйруганын билишет. Бирок “жоолук салынбай эле мусулман болууга болот” деген жарандарыбыз да аз эмес. Кыргызстандагы мындай ислам түшүнүгү “жоолук салынбасам да Кудайдан корком”, “жоолук салынгандарды көрүп эле жүрбөйлүбү” сыяктуу көз караштар менен коштолот. Албетте, жоолук салынбоо адамды мусулманчылыктан чыгарбайт. Ошондуктан алар да мусулман деп эсептелинет. Ошол эле кезде жоолук салынбагандар Алланы жана анын Пайгамбарын тааныганы менен исламдын бир (жоолук салынуу) буйругун аткарбаган болот. Бирок эң негизгиси “жоолукчан мусулман” менен “жоолуксуз мусулмандын” бири-бирин кемсинтиши, басмырлашы жана жээриши исламга туура келбеген иш экенин экөө тең унутпашы зарыл.

Мамлекеттин бул маселеде кандайдыр бир тарапты колдошу туура иш болбойт. Буга чейин жоолукчан кыздардын мектепке киргизилбешинде мамлекеттин үн чыгарбагандыгы тарапсыздык эмес, тескерисинче тарап туткандык болуп эсептелинет. Светтик мамлекет түшүнүгүн “жоолугу жок мектеп” катары чечмелеген, же болбосо жоолукту исламдашуу коркунучу катары кабыл алган көз карашты мамлекеттин колдоосу маселени чечүүдөн бизди андан бетер алыстатат. Исламдашуу жараяны кээде радикалдашуу менен коштолуп жаткандыгына биз да кошулабыз. Бирок бул маселе жоолукка тыйуу салуу менен чечиле турган маселе эмес.

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG