Орус президенти Путин бул тууралуу бүгүн Бээжинде ишкерлер алдында сүйлөп жатып билдирди:
- Биз бүгүн валюта базарында күбө болуп жаткан окуялар экономикадагы фундаменталдуу факторлор менен себептерге эч байланышы жок. Мунун баары калыбына келет. Бул бүгүн коньюктуралык гана мүнөзгө ээ.
Путин орус бийликтери рублдин курсун турукташтыруу боюнча чараларды көрүп жатканын кошумчалап, бирок капиталдын агымын чектөө өңдүү адаттан тыш чаралар пландалбаганын ырастады.
Быйыл жыл башынан бери орус рубли 40% нарксызданды. Бул жараян украин кризисинен улам Батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизип, мунай баасы арзандаган учурга туш келди.
Бүгүнтөн тарта Орусиянын Борбордук банкы рублдин курсун эркин койо берип, “валюталык коридорду” кармоо эрежесинен баш тартты. (UE)