Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Ашхабадга бүгүн кечинде жөнөп кетти. Түркмөн жетекчилиги менен негизги эки тараптуу сүйлөшүүлөр эртең өтмөкчү.
Азыркы визит Кыргызстандын мамлекет башчысынын Түркмөнстанга расмий сапар менен акыркы он жыл ашуун убакыт ичинде алгачкы ирет барышы.
Мунун алдында Түркмөнстанда кыргызстандык жумушчу топ болуп, быйыл кышта электр энергиясын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүп келген.
Бирок бул үчүн транзит маселеси чечилип, Өзбекстан Түркмөнстанда алынуучу электр кубатын өткөрүүгө макулдук бериши керек.
Кыргызстан Түркмөнстандан газ алууга кызыкдар болуп турат.
Былтыр кол коюлган келишим боюнча Түркмөнстандан Кытайга газ жеткирүүчү куурлардын бири Кыргызстан аркылуу өтүшү керек. (UE)