Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Орусиянын экономикасы 2017-жылга чейин өспөйт


Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы бүгүн жарыялаган билдирүүдө көргөзүлгөн. Борбордук банктын болжолу боюнча 2014-2016-жылдардын аралыгында Орусиянын экономикасы дээрлик өспөйт.

Акча-кредит саясаты боюнча жылдык документте келтирилген цифраларга караганда, быйыл орус экономикасы болгону 0,3%га жогорулайт, 2015-жылы эч өсүш жок, 2016-өсүш 0,1% гана болот.

2018 - жыл президент Путиндин азыркы бийлик мөөнөтүнүн акыркы жылы.

Борбордук банктын болжолунда, Батыштын Орусияга каршы санкциялары бери дегенде 2017-жылга чейин созулат. Келерки жылы кара майдын бир баррелинин баасы 95 долларга чейин көтөрүлүп, бирок кайра төмөндөйт.

Борбордук банк белгилегендей, санкциялар күтүлгөндөн эрте алынып, мунай баасы да кымбаттаса, экономикадагы жандануу эртерээк болот.

Быйыл жыл башынан бери орус рубли 40%ка нарксызданды. Бул жараян украин кризисинен улам Батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизип, мунай баасы арзандаган учурга туш келди.

Бүгүнтөн тарта Орусиянын Борбордук банкы рублдин курсун эркин койо берип, “валюталык коридорду” кармоо эрежесинен баш тартты.

Орус президенти Путин бүгүн Бээжинде ишкерлер алдында сүйлөп жатып:

- Биз бүгүн валюта базарында күбө болуп жаткан окуялар экономикадагы фундаменталдуу факторлор менен себептерге эч байланышы жок. Мунун баары калыбына келет. Бул бүгүн коньюктуралык гана мүнөзгө ээ.

Путин орус бийликтери рублдин курсун турукташтыруу боюнча чараларды көрүп жатканын кошумчалап, бирок капиталдын агымын чектөө өңдүү адаттан тыш чаралар пландалбаганын ырастады. (UE)

XS
SM
MD
LG