Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

АКШ жана Кытай виза мөөнөттөрүн узартууну макулдашты


Барак Обама жана Си Цзиньпин АПЕКтин саммитинин жогорку даражалуу конокторуна арналган саммит башталар алдында. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.
Барак Обама жана Си Цзиньпин АПЕКтин саммитинин жогорку даражалуу конокторуна арналган саммит башталар алдында. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.

Эки өлкө туристтерге жана студенттерге берилүүчү виза мөөнөттөрүн узартуу боюнча макулдашууга жетишкенин президент Барак Обама жарыялады.

Обама бүгүн Бээжинде, Азия–Тынч океан кызматташтык уюмунун саммити учурунда билдиргендей, жаңы шарттар боюнча студенттик виза азыркы бир жылдын ордуна беш жылга берилет.

Туристтик жана бизнес визалар азыр бир жылга чейин берилсе, эми он жылга чейин жарактуу болот.

Жаңы виза режими 12-ноябрдан тарта күчүнө кирүүдө.

Америкалык расмий өкүлдөр Батыш маалымат агенттиктери менен маектеринде виза мөөнөттөрүнүн узарышы АКШга келүүчү кытайлык туристтердин санын көбөйтөрүн белгилешкен.

Ак үйдүн билдирүүсүндө жаңы виза режими АКШ экономикасына миллиарддаган доллар салып, жүз миңдеген жумушчу орунду колдогудай керектөө жаратары айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG