Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Жаш балдар үчүн жаңы журнал чыкты


Жаш балдар үчүн жаңы «Баластан» балдар журналы басылып чыга баштады. Бул тууралуу аталган журналдын башкы редактору Жаныбек Абидетегин “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул журналдагы маалыматтар атайын биринчи класстан алтынчы класска чейинки окуучулар үчүн даярдалган. Журналдын ички түзүлүшүн тарбиялык маанидеги аңгемелер, икаялар, кызыктуу жомоктор, балдар үчүн жаңылыктар, балдардын өз колу менен даярдалган сүрөттөр, оюндар, сүрөттүү аңгемелер жана андан башка дагы ар кандай кызыктуу маалыматтар толуктайт. «Баластан» журналы азырынча эки айда бир жарыкка чыгып турмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG