Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Июнь коогасында балдарын жоготкондор Ак үй алдына митингге чыгышты


2010-жылдагы июнь окуясында балдарын жоготкон төрт эне Ак үй алдына митингге чыгып, парламент депутаттарынан жардам сурап турушат. Бул тууралуу энелердин бири Дилбар Көчкөнова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында балдардын өлүмүнө күнөөлүүлөр эмдигиче жоопко тартыла элек.

- Биз төрт жылдан бери акыйкаттык издеп, таманыбыз тешилди. Балдарыбыздын сөөктөрүн жарым-жартылай таап беришкен. Бирок ошого тиешеси барлар эмдигиче жазаланбай жатат. Сот отуруму улам-улам артка жылып келет, - деди Көчкөнова.

Чүй облустук соту балдардын өлүмү боюнча сот отуруму буга чейин ар кандай жүйөлөр менен жылып келгенин, кийинки отурум 13-ноябрда болорун кабарлады.

Оштогу кандуу калабада жалпысынан 129 адам дайынсыз жоголгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, алардын 107синин сөөгү табылган. Калган 22синен ушул күнгө чейин дайын жок. (UEz)

XS
SM
MD
LG