Пакистанда автобус менен жүк ташуучу чоң унаа кагылышып кеминде 56 кишинин өмүрү кыйылды. Каза тапкандардын көбү аялдар жана балдар. Кырсык Хайрпур шаарынан алыс эмес Синд провинциясында болду. Полиция кырсыкка туман жана катуу ылдамдык себеп болгонун айтууда. (КЕ)