Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Пакистанда он беш согушкер өлтүрүлдү


Пакистандын түндүк-батышындагы кагылышта коопсуздук кызматынын беш өкүлү каза таап, алтоо жараат алды. Жергиликтүү бийликтин айтымында, 11-ноябрда Орокзай чек ара өткөрмө бекетине ондогон согушкер чабуул жасаган. Анда 15 согушкер жок кылынганы кабарланды.

Ушул эле күнү Ооганстан менен чектеш Баджаур аймагындагы жолдо бомба жарылып, тартип коргоо органынын эки өкүлү набыт болуп, экөө жараат алды. Алар жергиликтүү тургундардын шал оорусуна каршы эмдөө алган-албаганын үй кыдырып текшерип жүрүшкөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG