Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

НАТО Украинага аскер автоколоннасы кирип жатканына кабатыр


Антитеррордук альянстын Европадагы колбашчысы Филип Бридлов Чыгыш Украинага Орусия тараптан келип жаткан автоколонна боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал 11-ноябрда журналисттер менен сүйлөшүү учурунда Украинадагы чатакты жөнгө салуу үчүн “бири-биринин мамлекеттик чек арасын тааныган” “цивилизациянын батыш нормаларына” кайтып келүүгө чакырды:

-Тилекке каршы, азырынча жарашуу сөз жүзүндө гана калып, каршылашуу күн өткөн сайын күчөп жатат. Ошондуктан, биз азыр мурдагы, Чыгыш Украинанын өнүгүүсүнө жол берүүчү нормаларга кайтып баруучу жолду табышыбыз керек.

ЕККУнун байкоочулары Чыгыш Украинада кайра чыр-чатактар күчөшү ыктымалдыгын айтышууда. Аталган уюм соңку кезде аймакта куралчан адамдардын көп жүрүүсү абалды курчутууга алып келүүсү мүмкүн экени белгилеп, зомбулукту токтотууга чакырды.

Шейшембиде ЕККУнун байкоочулары 43 аскердик жүк ташуучу автоунаадан турган колонна Донецкини көздөй баратканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG