Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы бир айылдашы арыз жазды


Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Абдимитал Бекташов Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди. Кадыралиев анын 3 гектар жерин тартып алууга аракет жасап, уруп-согуу менен кысымга алганын билдирди.

Бул боюнча Канжар Кадыралиевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок, Ыргал Кадыралиева болсо маалыматы жок экенин айтуууда.

Жакында эле Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. Бизнесин өткөрүп берип, башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышканын билдирген.

Бирок Кадыралиев айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган. Бул маселе боюнча “Азаттык” радиосу атайын иликтөө жасаган соң президент Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланыштуу чырды иликтөөнү Баш прокурор Аида Саляновага тапшырган. (UEz)

XS
SM
MD
LG