Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет


Бүгүн парламент жыйынында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө боюнча мааракелик иш-чара уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынды.

Кыргыз Улуттук университети ысымын алып жүргөн улуу ойчул, илимпоз жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы ЮНЕСКО менен бирге белгиленерин Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Жусуп Баласагын Чүй боорундагы Баласагын шаарында 1015- жылы туулуп, 1069-1070-жылдары «Кутадгу билиг» аттуу китебин жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG