Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Билим берүү министрлиги Улуттук университет боюнча билдирүү таратты


Министрликтин расмий сайтындагы маалыматка ылайык Улуттук университеттин ректору соттук териштирүүлөргө байланыштуу бекий элек. Анткени ректорлукка талапкерлер Айылчы Сарыбаев жана Нурзак Асанбеков 18-октябрда өткөн шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун жүйө келтирип сотко кайрылышкан.

Сарыбаев жашы өтүп кеткен деген жүйө менен талапкерлер тизмесинен чыгарылган. Ал эми Асанбеков шайлоодо ат салышкан, бирок добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келет.

Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өтүп, 15 талапкер катышкан. Жыйынтыгында 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңип чыкканы жарыяланган. (UEz)

XS
SM
MD
LG