Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов министрдин биринчи орунбасары Бактыбек Жусубалиевдин кызматынан кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, Жусубалиев 1-ноябрдан тарта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан жана кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган эмес.
Мындан мурдараак айрым маалымат каражаттары Жусубалиев өз эрки менен кызматтан кеткенин жазып чыгышкан. (UEz)