Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Тажикстанда Сирияга адамдарды үгүттөгөн 12 киши кармалды


Тажикстандын Согди облусунун 12 жараны жергиликтүү тургундарды Сирияга үгүттөгөн деген шек менен кармалды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, кармалган топтун лидеринин үйүнөн курал жана ок-дары табылган. Истаравшан жана Кадибадамдын эки тургуну буга чейин адамдарды Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга үгүттөгөн “Жамаат Ансаруллох” террористтик жана экстремисттик уюмуна тиешеси бар деген айып менен кармалды.

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү аймактык башкармалыгынын кабарлашынча, кармалган топ Орусиядагы мигранттардан акча чогулткан. Ал каражат адамдарды Сирияга жөнөтүү үчүн жумшалган. Ал эми кадибадамдык Акмал Шүкүров өзүнүн “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып, акчасын ушул топко берген.

Учурда кармалгандардын бардыгы убактылуу кармоо жайына камалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG