НАТО соңку эки күндө Орусиянын танктары Украина чек арасынан өтүп, жикчилдер көзөмөлдөп турган аймакка киргенин билдирди. «Биз Орусиянын техникаларын, танк, артилерия жана абадан коргонуу жабдыктарынын Украина аймагына өтүп баратканын көрдүк», - деп билдирди Түндүк альянстын биргелешкен күчтөрүнүн кол башчысы Филип Бридлав. Бирок ал аскерий техникалардын санын тактаган жок. НАТОнун бул билдирүүсү буга чейин айтылган ЕККУнун билдирүүсүнө дал келүүдө. (КЕ)