Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Чикагодо кыргызстандык жигитти атып кетишти


АКШнын Чикаго шаарында пицца ташып иштеген Абылбек Исабековду 11-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр атып кетти. Исабеков алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу маалыматты «Кыргызстан-Америка» альянсынын жетекчиси Арстанбек Саргалдаев «Азаттыкка» тастыктады. Анын айтымында, маркум ошол күнү заказ боюнча пицца жеткирип барган. Полициянын маалыматы боюнча белгисиз адамдар аны тоноого аракет кылып, ал машинесине бет алганда башка аткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 31 жаштагы Абылбек Исабековдун АКШга барганына жарым жыл болгон. Ал «Мама миа» пиццериясына мындан эки жума мурда эле ишке киргени айтылууда. Анын менен чогуу барып, машинада күтүп калган таанышы жабыркаган эмес.

Саргалдаев учурда маркумдун бир тууганын күтүп жатышканын билдирди. Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин өкүлү учурда Чикагого жөнөп кеткени айтылды. Кол салгандар табыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG