Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкекте көп кабат үйдөгү өрттөн алты автоунаа күйүп кетти


Бишкектин Жусуп Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсү №87 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү өрттөн 6 автомашине толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

- Өрт таңкы үч чамасында тутанган. Азырынча себептери белгисиз. Өрт учурунда көп кабаттуу үйдөн 30 адам эвакуацияланды, - деди Бекилов.

Анын айтымында өрт 11 кабат үйдүн жертөлөсүнөн чыккан. Натыйжада 11 адам, анын ичинде бир наристе жабыркап, экөө ооруканага жаткырылды. Учурда 6 автоунааны керектен чыгарган өрттүн себептери иликтенүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG