Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Кыргыз жараны өзбек чек арачыларынын колунан каза тапты


Кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранына каршы курал колдонуп, натыйжада ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык окуя бүгүн, 13-ноябрда Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Өзөк айыл аймагында эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкесинде болгон.

Алдын ала маалыматка караганда окко учкан жаран Өзбекстанга аткезчилик жол менен товар өткөрүүгө аракет кылган.

Окуяны териштирүү үчүн учурда эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG