Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Сузакта Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракеси башталууда


Бүгүн Жалал-Абаддын Сузак районундагы Телтору ат майданында төкмө акын Барпы Алыкуловдун мааракесине арналган ат оюндарынын жарышы башталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмадов билдирди.

Эртең, 14-ноябрда акындардын айтышы жана илимий конференция өтөт. Ал эми негизги иш-чаралар 15-ноябрда болот. Сузактын Телтору ат майданында 40тан ашык боз үй тигилип, улуттук оюндар ойнолот жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланат.

Алыкуловдун мааракесин белгилөөгө жеке ишкерлерден 4 миллион сомдон ашык акча жыйналып, облустук бийлик 150 миң сом бөлүп берген.

Төкмө акын Барпы Алыкулов 1884-жылы Сузактын Ачы (азыркы Барпы) айылында туулган. (RsK)

XS
SM
MD
LG