Кыргызстанда коррупциянын бизнеске тийгизген залакасы дагы эле чоң болууда. Мындай тыянакка TRACE International эл аралык уюмунун эксперттери атайын изилдөөнүн натыйжасында келишкен. Изилдөө жүргүзүлгөн 197 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 161-орунду ээледи. Былтыр 177 мамлекеттин арасынан 150-орунга ээ болгон.
Быйыл 197-орунда Нигерия, ал эми коррупция бизнеске коркунуч келтирбейт деген 1-орунда Ирландия турат.
TRACE International - коммерциялык ачыктыкты камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык уюм. (RK)