Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында алтын ылгоочу ишкана эки айлык тыныгуудан кийин бүгүн кайрадан иштеп баштады.
- Эки ай ичинде 40 миң тоннадай кен топтолду. Эми дагы 40 миң тонна топтолот. Ошентип фабрика апрель айына чейин тынымсыз иштейт, - деди Мамытов.
Тогуз-Торо районундагы "Макмалалтын" фабрикасы кен ылгоону кендин жоктугуна байланыштуу июль айында убактылуу токтоткон.
Ишканада 1200гө жакын жумушчу иштейт. "Макмалалтын" суткасына 600-650 тонна кенден айына 40 килограммдай алтын ылгайт. (UEz)