Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Орусияда "Мемориал" боюнча сот башка күнгө калды


Бүгүн Орусиянын Жогорку Соту “Мемориал” укук коргоо коомун жабуу боюнча арызды кароону 17-декабрга калтырды. Юстиция министрлиги "уюм мыйзам бузуп, буга чейин берилген эскертүүлөрдү аткарбаганын" айтып аны таркатуу арызы менен сотко кайрылган. Буга чейин Москва шаарынын соту прокуратуранын “Мемориалды” чет өлкөлүк агент деп таануу талабы мыйзамдуу деген бүтүм чыгарган.

Укук коргоочулар болсо дооматтарды формалдуу деп эсептейт. Бирок 22-23-ноябрь күндөрү конференция өткөрүп, майда эреже бузууларды жоюуга даярдыгын билдирди. Буга байланыштуу уюм Жогорку Соттон Юстиция министрлигинин арызын кароону кийинки күндөргө жылдырууну өтүндү.

“Мемориал” – Орусия, Германия, Казакстан, Латвия, Украина, Армения жана Грузиядагы укук коргоо уюмдарынын башын бириктирген коом.

АКШнын адам укуктары боюнча өкмөттүк агенттиги Москва “Мемориалды” жок кылуу менен “өз абийиринин добушун басууга аракеттенүүдө” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG