Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Канада соту Кыргызстандын доо арызын карай баштады


Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында Канада соту бир жумадан бери Куттуу-Сай кени боюнча Кыргызстандын доо арызын карап жатат.

- Сот качан бүтөрү белгисиз. Кудай буюрса чечим биздин пайдабызга болот деген ишеним чоң. Ал жакта биздин кызыкчылыкты өкмөт жалдаган эл аралык юристтер коргоп жатат, - деди Мамытов.

Буга чейин Кеминдеги сейрек кездешүүчү элементтердин Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва соода-экономикалык палатасынын алдындагы арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан. Ал чечимдин негизинде Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG