Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Орусия Иран менен келишимге 24-ноябрга чейин жетишилбейт деп эсептейт


Орусия Ирандын ядролук программасы боюнча жаңы келишимге 24-ноябрга чейин жетишилбеши мүмкүн деп билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Лукашевичтин айтымында, тараптар утурумдук мунасага келиши ыктымал. Тегеран менен сүйлөшүүлөргө Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ катышууда.

Ошол эле маалда Лукашевич айрым проблемаларды чечүү оңой болбойт деп белгиледи. Алты держава Иран атомдук курал жасабайт деген кепилдикке жетишүүгө аракеттенсе, Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңеши жана Батыш киргизген экономикалык санкциялардын алынышын көздөөдө. Иран Ислам жумуриятынын жетекчилиги атомдук энергияны тынчтык максатында гана колдонгонун ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG