Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Кыргызстанда кант диабети орчундуу көйгөй болууда


Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны 43 миң киши, бирок бул көрсөткүч чыныгы абалды мүнөздөбөйт. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 43 миң оорулуу - эндокринологдун каттоосуна алынгандар гана. Ал эми диабетке чалдыкканын аңдабай, демек, дарыланбай жүргөндөрдүн саны 3-4 эсе көп болушу ыктымал экенин адистер айтууда.

Бул илдет балдар арасында да жайылып жатканы дарыгерлерди кооптондурууда. Жыл сайын Бишкек шаарында эле 14-15 балага ушундай диагноз коюлуп жатат.

Кант диабети жалпы организмдин иштешине залакасын тийгизген дарт. Кандагы инсулинди нормадан ашырбай кармап туруу үчүн бейтап дайыма дары ичип туруусу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG