Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:26

ӨКМ башчысы жер титиреген аймакка жөнөп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз облустарын кыдырууда. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ыкчам топтун өкүлдөрү менен бирге ал бүгүнкү жер титиреген айылдарга барат.

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунда эки жолу жер титиреп, биринчисинин күчү 7, экинчи силкинүүнүкү 4 баллга жетти.

Ири кыйроолор жана адам өлүмүнө алып келген учурлар тууралуу маалымат азырынча жок. (RK)

XS
SM
MD
LG