Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Үч фазада электр колдонгондор 1-декабрга чейин 1 сом 20 тыйындан төлөйт


Бул тууралуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин жетекчи орунбасары Миргүл Айдарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, электр энергиясы боюнча жаңы тариф бекигенче өкмөттүн мурдагы токтому күчүндө калат.

- Эл 1-декабрга чейин мурдагы тариф боюнча төлөшөт. Анткени биз райондор аралык соттун чечимин жокко чыгартуу боюнча Шаардык сотко доо-арыз жазганбыз. Ошондуктан өкмөттүн мурдагы токтому күчүндө, - деди Айдарова.

2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө өкмөт токтомуна ылайык, электр энергиясын үч фазада колдонгондорго баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн. Бирок 29-сентябрда Бишкек шаарынын райондор аралык соту өкмөттүн бул токтомун жараксыз деп таануу тууралуу укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Манасбек Султановдун арызын канааттандырган. (UEz)

XS
SM
MD
LG