Чек арада өзбек аскерлеринин огунан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, өзбек тарап сөөктү кечээ кечинде өткөрүп берди, бүгүн жаназасы болот.
13-ноябрда Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Өзөк айылында өзбек солдаттар кыргызстандык 40 жаштагы Ахмад Набиевге ок аткан.
Маркум Ак-Коргон айылдык аймагынын Падек айылында жашачу. Ок эмне себептен атылганы азырынча белгисиз. Өзбек чек арачыларынын айтымында, ал жашыруун жол менен коңшу өлкөгө жүк алып өтүп бараткан. Окуя эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкесинде болгон. (RK)