Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

Текебаев: "Кумтөрдү" улутташтыруу үчүн өкмөттүн да макулдугу керек


Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы “Кумтөр” ишканасын улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун колдогон чечим кабыл алды. Бул тууралуу фракция лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди.

- Биз өзүбүздүн чечимибизди бир эле убакытта парламентке да, өкмөткө да киргизебиз. "Кумтөрдү" улутташтыруу үчүн өкмөттүн да макулдугу керек, - деди Текебаев.

Эми фракция чечими тиешелүү комитетке киргизилип, андан соң парламент талкуусуна коюлат. Эгер бул мыйзам долбоору парламент жана өкмөт тарабынан колдоо тапса “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча жол-жобо иштелип чыгат. (UEz)

XS
SM
MD
LG