Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Жарандык активист Беларус менен мамилени үзүүнү талап кылды


Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларус элчилигинин алдына митингге чыгып, Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабын кайрадан койду. Ал медициналык беткап жана колкап кийип, “Беларус Кыргызстан үчүн Эбола вирусундай кооптуу” деген плакат кармап турду.

- Беларус сот тарабынан апрель баатырларынын өлүмүнө күнөөлүү деп сыртынан соттолгон Бакиевди өткөрүп бербей келет. Бул алардын кыргыз элине кылган кыянаттыгы. Аталган өлкө менен дипломатиялык байланышты үзүш керек, - деди Токтонасыров.

Жарандык активист мындан ары ар аптанын жума күнү нааразылык акциясын улантарын айтып, өлкө бийлигинен Беларус элчилигин жабуу талабын коёрун кошумчалады.

Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевди Бишкек гарнизонунун аскер соту апрель окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сырттан чыгарган. Бакиев 2010-жылдын апрель айынан бери Беларуста баш калакалап келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG