Учурда Бишкекте милиция кызматкерин өлтүргөн кылмышкерди издөө операциясы жүрүп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кечки беш жарым чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө кылмышка шектүү жаранды кармоо аракети учурунда ыкчам топтун бир кызматкери жараат алган. Аны сактап калууга мүмкүн болбой калганы кабарланууда. (RK)