42 жаштагы Александр Саякин коңшуларынын биринин жертөлөсүнөн табылганын “Азаттыкка” шаардык милициядан кабарлашты.
Мекеменин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев:
- Издөөдө жүргөн Александр Саякин короосунан ашып качканда оперативдик кызматкерлер артынан куушкан. Оперкызматкерлердин бири алдынан чыга калганда, качып бараткан адам ага Макаров тапанчасынан ок чыгарган.
Олжобай Казабаевдин айтымында, алган жараатынан улам милициянын 28 жаштагы кызматкери Бакай Сыдыков каза тапты. Ал кылмышкер качып бара жатканда бутка атып, жарадар кылууга үлгүргөн.
Буга чейин куралды, ок-дарыны мыйзамсыз алып жүргөнү, сактаганы үчүн төрт жылга соттолгон Александр Саякин быйыл 11-октябрда түрмөдөн качып чыккандан бери изделип жаткан. (UE)