Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

АКШда каза тапкан кыргызстандыктын сөөгү мекенине жиберилди


АКШнын Чикаго шаарында пицца ташып иштеген кыргызстандык жаран Абылбек Ызабековду 11-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле. "Кыргызстан-Америка" альянсынын жетекчиси Арстанбек Саргалдаев АКШдагы кыргызстандыктар өз ара уюшуп каражат топтоп, маркумдун сөөгүн мекенине жиберишкенин маалымдады. Саргалдаев 31 жаштагы Абылбек Ызабеков АКШда киши колдуу болуп көз жумган биринчи кыргызстандык экенин айтты.

Учурда жергиликтүү полиция кол салгандарды издөө иштерин улантып жатканын жергиликтүү медиа кабарлоодо. (JAk)

XS
SM
MD
LG