Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Украина чыгышында 10 адам мерт кетти


Украина чыгышында жикчилдер менен болгон салгылашта жума күнү жети украин аскери жана үч жай турган каза таап, дагы беш аскер жарадар болду.

Атайын операциялардын басма сөз борборунун башчысы Владислав Селезнёв «112 Украина» телеканалына сүйлөп жатып, жума күнү Донбасста 50дөн ашуун атышуу болгонун ырастады. Ушул эле күнү украин өкмөтү Киевдин көзөмөлүнө баш ийбей жаткан айрым аймактардын тизмесин бекитти. УНИАН кабар агенттигинин маалымдашынча, ага Донецк, Горловка, Енакиево, Макеевка, Харцызск, Луганск, Алчевск, Антрацит, Красный Луч, Ровеньки, Свердловск, Стаханов, Первомайск аймактары кирет.

Украин президенти Петр Порошенко 14-ноябрда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жыйында белгилегендей, өлкө чыгышындагы кырдаал боюнча “дүрбөлөңгө түшүүгө негиз эч жок”. Куралдуу күчтөр орусиячыл жикчилдердин ыктымал чабуулунун мизин кайтарууга “даяр жана жөндөмдүү”.(JAk)

XS
SM
MD
LG