Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

"Азаттыктын" журналисти "Акыл-Тирек” сыйлыгына татыды


Бүгүн Бишкекте “Прогрессивдүү демилгелер” фонду кыргыз журналистикасындагы аналитика, иликтөө жанрында иштеген чыгаан журналисттерге “Акыл-Тирек” сыйлыгын ыйгарды. Анда белгилүү журналисттер Нарын Айып, Баратбай Аракеев “Көч башы” наамын алса, “Азаттыктын” иликтөө журналисти Кубанычбек Жолдошев “Эл сүймөнчүгү” деп табылды. Ушул эле фонд жаш журналисттерге, аймактагы кабарчыларга да чагылдырган курч темаларына жараша сыйлыктарды ыйгарды.

Кубанычбек Жолдошев "Азаттык" радиосунда, интернет сайтында саясат, экономика, адам укугу, коррупция жана кылмыш дүйнөсү тууралуу такай иликтөө макалаларын жарыялап келет. (JAk)

XS
SM
MD
LG