16-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4... +1, күндүз 7...12, Таласта түнкүсүн -1...-6...күндүз +6...+11, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4 күндүз 7...12 градус. Баткенде -2...+3, күндүз 5..10, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9, Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8 градус жылуу болот.
16-ноябрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз 9...11 градус болот. (JAk)