Аталган завод курулуп бүтүп, ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилгени турганын Ош шаарынын бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Завод кытайлык инвесторлордун “Жим-Мей” биргелешкен ишканасы менен биргеликте курулууда. Ага жалпысынан 5 млн. АКШ доллары сарпталган. Завод иштей баштаган күндөн тарта Ош шаарынын 50 тургуну иш орду менен камсыз болот. Завод толук кубаттуулукта иштеген учурда 500 адам жумуш менен камсыздалышы пландалган. Буга чейин Ошто Кытай Кыргызстан биргелешкен гипсокартон заводу ачылган болчу. (YI)